// //

Кайын энем бизди ажыраштырбай жатат. Юрист жооп берет

2019.02.20, 11:40
1069

Жолдошум азыр Москвада. Ортобузда эки кыз бар. Улуусу 2 жашта, кичүүсүнө 9 ай. Жолдошум кыздарды карабайт, намысыма тийчү сөздөр менен сөгөт. Мен сени менен ажырашам, эки кызды, жүктөрүңдү алып кете бер деп айтат.

Бирок, кайын энем каршы. Бизди ажырашпайсыңар дейт. Улуу кызым анын колунда. Мага бербейм дейт.

Кыздарымды өзүмө өткөрүп алсам болобу? Негизи жашы жете элек балдар энесинде болушу керекпи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.02.2019, 09:22

Ширин Алмазова

Юрист

Учурдагы мыйзамга ылайык ата-эненин экөөсүндө тең балдарына карата укуктары жана балдарынын алдындагны милдеттери бирдей. Мыйзам боюнча сиз ата-энелик укуктуу коргоо боюнча доо-арызы менен сотко кайрылып, бербей жаткан чоң энесинен кайтарып алсаңыз болот. Сот кичинекей балдардын кызыкчылыгын коргоо максатында, сиздин баланы материалдык жактан камсыздоо жана тарбия берүү мүмкүнчүлүгүңүздү эске алып, баланы сизге кайтарып берүү чечимин чыгарышы мүмкүн.

Жолдошуңуз балдарга материалдык жактан колдоо көрсөтпөйт деп жатасыз. Ал боюнча да сотко кайрылып, андан алимент өндүрүү боюнча доо-арыз жазсаңар болот. Сот анын тапкан кирешесинин 1/3 бөлүгүн эки балага төлөөгө милдеттендирет.

Ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
A
Anara Kaskanova
20.02.2019, 18:23

Саламатсызбы? Менин козумдун зрениясы-4,5. Кийин турмушка чыкканн озум эле торой аламбы же кесарево жолу  мененби?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт