// //

Эрозия болгон үчүн боюма бүтпөйт. Гинеколог жооп берет

2019.02.19, 15:53
2579

Саламатсызбы. Мен ютубдан bilesinbi.kg каналын калтырбай көрөм. Аябай жагат. Жаштар үчун пайдалуу жоопторду бересиңер. Менде да бир суроо бар. Менин эрозиям бар экен. Рак клеткасын аныктоого анализ тапшыргам, таза чыкты. Бирок, боюма бүтпөй жатат. Бул эрозияга байланыштуубу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.02.2019, 15:54

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Саламатсызбы, урматтуу айым! Эрозия тукумсуздуктун себеби болушу мүмкун эмес. Ал эми организмдеги гормоналдык бузулуунун натыйжасы катары мүмкүн.  

Жатын моюнунун жарасы (эрозия шейки матки) -  көпчүлүк учурда кандайдыр бир травма алгандан кийин пайда болгон жаракат.

Эрозия –  бул бир типтеги клеткалардын башка түрүнө алмашышы.

Анын пайда болуу себебптери:

  • Тукум кууйт;
  • Механикалык же химиялык жаракат алуудан улам;
  • Гормоналдык фондун өзгөрүшүнөн улам;
  • Инфекция киргенден улам пайдо болот.

Эрозияны өз алдынча аныктоо өтө оор. Суюктук бөлүнүп чыгат, жыныстык катнаштан кийин кан аралаш суюктук бөлүнөт. Ичтин ылдый жагы билинер-билинбес тартып оорутат. Бирок, адатта, эрозия эч белгисиз болуп, гинекологго көрүнгөн учурда гана аныкталат. Ошондуктан жок дегенде жылына 1 жолу профилактикалык кароодон өтүп туруу зарыл.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт