Эрозия болгон үчүн боюма бүтпөйт. Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Мен ютубдан bilesinbi.kg каналын калтырбай көрөм. Аябай жагат. Жаштар үчун пайдалуу жоопторду бересиңер. Менде да бир суроо бар. Менин эрозиям бар экен. Рак клеткасын аныктоого анализ тапшыргам, таза чыкты. Бирок, боюма бүтпөй жатат. Бул эрозияга байланыштуубу?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы, урматтуу айым! Эрозия тукумсуздуктун себеби болушу мүмкун эмес. Ал эми организмдеги гормоналдык бузулуунун натыйжасы катары мүмкүн.
Жатын моюнунун жарасы (эрозия шейки матки) - көпчүлүк учурда кандайдыр бир травма алгандан кийин пайда болгон жаракат.
Эрозия – бул бир типтеги клеткалардын башка түрүнө алмашышы.
Анын пайда болуу себебптери:
- Тукум кууйт;
- Механикалык же химиялык жаракат алуудан улам;
- Гормоналдык фондун өзгөрүшүнөн улам;
- Инфекция киргенден улам пайдо болот.
Эрозияны өз алдынча аныктоо өтө оор. Суюктук бөлүнүп чыгат, жыныстык катнаштан кийин кан аралаш суюктук бөлүнөт. Ичтин ылдый жагы билинер-билинбес тартып оорутат. Бирок, адатта, эрозия эч белгисиз болуп, гинекологго көрүнгөн учурда гана аныкталат. Ошондуктан жок дегенде жылына 1 жолу профилактикалык кароодон өтүп туруу зарыл.