Чач эмне себептен түшөт?
Саламатсызбы! Менин чачым түшүп жатат. Эмне кылсам болот? Себебин билгим келет.
Надира Бейшеева
Трихолог, косметолог
Саламатсызбы! Чачтын түшүү себептери абдан көп, ички органдардын жабыркашынан же организм начарлагандан улам болушу мүмкүн. Андан сырткары стресске кабылганда, химиялык заттарга ууланганда, витамин жетишпегенде, көп ойлонгондо, өтө чарчаганда, уйку качканда, окуучуларда жана студенттерде сынак учурунда жана катуу тартып байлаганда, катуу тараганда чач түшөт. Айрым учурда дарыны узакка пайдалануу, чачты туура эмес кам көрүү да себепкер болот.
Ден-соолугуңузга кам көрүп, көп ойлонбоңуз. Дайым (А,С) витаминге бай тамактарды жеп, жумасына бир же эки жолу чачка маска жасап, cуу кезинде тарабай, фен менен кургатпай, аяр мамиле кылыңыз.
Сизге балдан жасалган маска сунуштай алам.
Керектүү азыктар:
- 1 чай кашык бал
- 1 аш кашык пияздын ширеси
- 1 даана жумуртканын сарысы
- 1 чай кашык өсүмдүк майы.
Баарын жакшылап чалып, аралаштырасыз. Даяр болгон масканы чачтын түбүнөн учуна чейин сүртүп, эки саат кармайсыз. Аталган ыкманы жумасына эки ирээт, 3-4 айга чейин кылсаңыз болот.