“Айыл Банк” айыл чарба сегментин колдоо максатында “2% пайда” акциясын өткөрөт
Айыл чарба сегментин колдоо, атаандаштыкка туруктуу болуу үчүн, "Айыл Банктын" кредит боюнча кардарлардын көбөйтүү максатында, 2019-жылдын 1-январынан 1-апрелге чейин “2% пайда” акциясын өткөрөт.
Акцияга ылайык, төмөнкү продуктылардын сомдук кредиттери боюнча пайыздык өлчөмдөр 2 пайызга төмөндөтүлгөн:
- «Чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү – Өндүрүш жана кайра иштетүү – Өндүрүш насыясы»;
 - «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк»;
 - «Мал-чарба-насыясы»;
 - «Агробизнес жана маркетинг»;
 - «Азия Өнүктүрүү Банкы»;
 - «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүү».
 
| № | 
 Продуктунун аталышы  | 
 Колдонуудагы пайыздык өлчөмдөр (сом менен)  | 
 Жаңы пайыздык өлчөмдөр (сом менен)  | 
| 1 | 
 Мал чарба тармагын инвестициялык каржылоо (мал чарба жана балык өстүрүү тармактары, малды багуу жана көбөйтүү) АБР продуктылары, Мал чарба насыясы)  | 
18% | 16% | 
| 2 | 
 Өсүмдүк өстүрүүчүлүк  | 
18% | 16% | 
| 3 | 
 “Агробизнес жана маркетинг” продуктусу (Эл Аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын долбоору)  | 
18% | 16% | 
| 4 | 
 Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүү  | 
18% | 16% | 
| 5 | 
 Өндүрүш жана кайра иштетүү – Өндүрүш насыясы:  | 
||
| 
 Жүгүртмө каражаттарды толуктоого  | 
16% | 14% | |
Таблицада көрсөтүлгөн жаңы пайыздык өлчөмдөр 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирет жана жаңы берилген кредиттерге гана колдонулат.