// //

Кулагым укпайт. Кантип үй-бүлө курам?

2018.08.08, 11:20
4300

Ойлонуп олтуруп сиздерге кайрылууну чечтим. Мен 28 жаштамын. Жети бир туугандын кенжесимин. Ата-энем менен бирге турам. Бирге турбай анан кайда бармак элем, кулагым укпаса. Ооба, кулагым укпайт. Быйыл алты жыл болду.

Бир туугандарымдын баары үй-бүлөлүү. “Кулагы укпай калды. Эми кантип үй-бүлө курат? Дарылаталы!”, - деп бири дагы айтпайт. Бир сөз менен айтканда мени менен иштери жок. Бир боорлорумдун мага кылган кош көңүл мамилеси санаага салат.

18 жашымда ата-энемдин сызган сызыгынан чыкпай кышы-жайы мал карап тумоолоп ооругам. Убагында дарыланбай оорум өтүшүп, кулагым укпай калды. 2012-жылы бейтапканага бардым. Арзаныраак уктуруучу аппарат салып жүрдүм, жардам берген жок.  Күзүндө тоодон мал түшсө акча кылып алып шаарга ооруканага барсамбы деген пландарым бар. Бирок, шаарга барган күндө дагы каралашып ооруканага алып барчу тааныштарым, туугандарым жок. Өзүм болсо шаарды жакшы билбейм.

Тартынып адамдар менен сүйлөшө албайм. Кыжалаат боло берип, ачуулуу дагы болуп калдым. Сөз көтөрө албай үйдөгүлөр менен урушам. Ачыгын айтсам колдонулуп жарактан чыккан буюмдай эле болуп калдым.

Билесиздерби, келечегим мени түбү жок ойго салат. Мен дагы кыздар менен таанышып, үй-бүлө күтүп, балалуу болгум келет. Мага жардам бериңиздерчи!

 Тынчтыкбек Бакытов, психолог

Окурман, сиздин абал татаал экен. Чындыгында кулак укпай калуу катуу стресске алып келет. Эң биринчиден чөкпөңүз. Үй-бүлө курууга, балалуу болууга, билим алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ата-энеңизге оюңузда болгон нерсени айтканга аракет кылыңыз, балким алар сизди эч нерсени түшүнбөйт деп мамиле кылып жаткандыр. Өзүңүздү “иштен чыккан буюмдай” сезгениңиз мени кабатыр кылып жатат, жакынкы арада психологго кайрылууну сунуштайт элем. Дагы суроолор пайда болсо редакция аркылуу байланышсаңыз болот.

Кыргызстанда ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берүүчү уюмдар көп. Аларга кайрылсаңыз дагы жардам берет деген ойдомун.

Мисалы, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому. Дареги: Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 191. Байланыш телефондору:  +996 (312) 35 33 81; +996 (312) 35 33 83.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт