Чет өлкөгө чыгаарда эмнелерди билишим керек? Адис жооп берет
2019.02.18, 14:37
1546
Жашым 18де. Чет өлкөдөн иштеп ата-энеме жардам бергим келет. Кантип башка мамлекетке мыйзамдуу түрдө барсам болот жана бул кадамдын алдында эмнелерди билишим керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.02.2019, 14:45
Нурислам Раимжанов
Юрист
Окурман, башка мамлекетке мыйзамдуу түрдө баруу үчүн ошол мамлекетке кирүү тартибин билишиңиз керек. Ал эрежени интернеттен тапсаңыз болот.
1. Бара турган өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн, мигрантарга болгон шарттарын билиңиз.
2. Чет өлкөлүк жаран ошол мамлекетке барганда канча убакытта каттоого туруш керектигин тактаңыз.
3. Башка өлкөдө иштөөнү пландасаңыз алдын ала жумуш таап алыңыз.
4. Мыйзамдуу түрдө чет өлкөлөрдөн иш таап берип жаткан агенттиктерге кайрылыңыз.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп