Эркек психологго баргандан тартынам
Психологго кайрылып жашоомду өзгөртөйүн дегем. Бирок мен бара турган психолог эркек киши экен. Ага сырларымды, психологиялык маселелеримди айтуудан тартынам. Мага аял психолог керек.
“Psihoanaliz.kg” психоанализ борборунун психотерапевти
Саламатсызбы. Сизге жаккан психологду тандоо сиздин акыңыз. Мырза психологдун жанында өзүңүздү ыңгайсыз сезип жатсаңыз, айым психологго кайрылыңыз. Бирок, ал экөөнүн ортосунда айырма жок. Жакшы психолог биринчи кезекте өз кесибинин өкүлү, адис.
Бул жакта башка суроо пайда болуп жатат. Эмне үчүн эркектерге ишенбейсиз же тартынасыз? Балким ички көйгөйүңүз бар. Эгер сиз мырза психологго кайрылсаңыз, ошол сезимдериңизди, уялууну түшүнүп, аларды жок кылууга мүмкүнчүлүк пайда болот.
Ийгилик каалайм!