Эпилепсиядан сакайууга болот
Эпилепсия-акыркы диагноз. Эпилепсия дарты аныкталганга чейинки карышуулар бир оорунун белгиси болгондуктан, эпилепсия болуп эсептелинбейт. Эпилепсиянын түрлөрү аябай көп. Мисалы ата-энеден балага берилген туубаса-идиопатикалык эпилепсия деген бар. Бул адам жөн турган абалында эле карышып калат. Симптоматикалык эпилепсия-төрөт учурунда же болбосо белгилүү бир себептер менен жаракат алгандан улам, кийинчерээк пайда болгон эпилепсия. Криптогендик-келип чыгуу себеби белгисиз эпилепсия.
Эпилепсия деп диагноз коердон мурун биз биринчиден мээнин ар бир аймагын текшерип, элекетроэнцефалограммасын (ЭЭГ) жасайбыз. ЭЭГнын жыйынтыгында карышуунун белгилери, мээдеги өзгөрүүлөр билинет. Эң керектүү текшерүү томография-мээни сүрөткө тартып, диагноз коюу. Эпилепсия аныкталгандан кийин, анын түрлөрүнө жараша атайын дары-дармектерди жазып беребиз. Дарыларды сунуштоо, бул өтө чоң жоопкерчиликти талап кылган жумуш. Себеби кээ бирөөнө таасир берсе, эпилепсиянын оор түрүнө чалдыккандарга таасир бербей коет.
Эпилепсиядан сакайып кетсе болот. Бизге кайрылган кичинекей балдардан айыгып, нормалдуу жашоого кайтып келгендери бар. Бир нерсени айта кетейин, талма вирустук инфекция ооруларында күчөйт. Андыктан эпилепсияны алдын алуу үчүн, вирустар аркылуу жуккан оорулардан, баштан жаракат алуудан сак болуу керек. Эгер ооруп калсаңар күчөй электе дароо неврологго кайрылуу зарыл.
Баланын талмасы кармап, карышуу башталып калса төмөнкүлөрдү эске алыңыз:
- Эч качан дүрбөлөңгө түшпөө
- Баланы кыйгачынан жаткырып, оозунда бир нерсе болсо алып салуу
- Оозуна кашык салуу болбойт
- Карышуу өзү өтүп кетчү процесс экенин эске алуу
- Карышуу орточо эсеп менен 3-5 мүнөт болот. Эгер узакка созулуп кетсе дароо дарыгерге кайрылуу