// //

Бала менен кандай оюндарды ойноо керек? 4-бөлүм

2018.07.24, 13:09
2091

1 жаш 6 айдан 2 жашка чейинки курак

Бала 2 жашка жакындаганда өтө чоң өзгөрүүлөр байкалат. Баарлашууга көбүрөөк убакыт керек боло баштайт. Дагы бир маанилүү нерсе – канчалык деңгээлде бала чоң кишини түшүнөт жана баарлашууну каалайт. Бул каалосун кубаттап турган учурда, баланын тили бат эле чыгып, так сүйлөй баштайт. Кээ бир балдар, айрыкча кыздар, эки жаштын этегинде сүйлөмдөр менен сүйлөп баштайт. Ушул куракта чоң кишилердин кыймыл-аракетин жазбай туурап, мисалы “куурчактарга кам көрөт”, “машина айдайт”, “укол жасайт”.  Айланадагы көп буюмдарды таанып билет да кантип колдонууну түшүнөт.

Бул куракта балага төмөндөгүдөй оюнчуктар керек болот:

  • куурчактар;
  • мөмөлөрдүн жана жемиштердин топтому;
  • буюмдар салынуучу рамкалар;
  • сандар, буюмдар, өсүмдүктөр, мөмө-жемиштер, жаныбарлардын сүрөттөрү менен карточкалар;
  • техникалык оюнчуктар;
  • кумда ойнолуучу оюнчуктар (челек, күрөк, тырмоо)
  • желим топ.

 Баланы  өнүктүрүп, ойнойбуз:

  • Куурчакка тирүү кишидей мамиле жасаңыз: аны таштабаңыз, чачынан сүйрөбөңүз. Бала менен чогуу көзүн, кулактарын, оозун, кийим-кечесин карап көрүңүз. Балаңызга үлгүлүү жүрүм-турумду көрсөтүңүз. Балаңызга  куурчак менен чогуу тамак жегенди, уктаганды, жуунганды сунуштаңыз.
  • Баланыз менен чогуу “Бул эмне?”, “ Жердеби же бактабы”, “Даамын тап” деген оюндарды ойноп көрүңүз. Чогуу “тамак жасап” куурчактарды, оюнчуктарды конокко чакырыңыз.
  • Буюмдар салынуучу рамкалар менен ойногондо өзүңүз буюмдарды рамкаларга салганды көрсөтүңүз. Балага жардам бериңиз да, ар бир ийгилигине чын дилиңиз менен кубаныңыз.
  • Карточкалар менен ойноордун алдында аларда эмнелер тартылганын тааныштырыңыз, атаңыз, ар биринин сапатын тааныштырыңыз. Карточкалардан жол куруп, балаңыз менен чогуу машинкаларды жүргүзүңүз. Андан кийин үй курсаңыз болот, балаңыз ал үйдү бузуп кубанса, капаланбай, кайрадан куруп баштаңыз. Кийинчерээк карточкаларды сорттосоңуз болот. Мисалы, өсумдүктөрдү өзүнчө, жаныбарлар өзүнчө. Карточкалар менен “Мени тап”, “Мага окшошту тап” сыяктуу оюндарды уюуштуруу баланын өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизет.
  • Техникалык оюнчуктар баланын айлан-чөйрө жөнүндө билимдерин байытууга жардам берет. Ар бир оюнчуктун колдонулуусу жөнүндө балага маалымат берип, алардын адамдар үчүн пайдалуу жактарына көңүлүн буруш керек. Андан сырткары учакты учкуч, поезди машинист башкараарын айтып берүү менен бирге сиз баланын ой жүргүртүүсүн өнүктүрө аласыз. Күн жылууда бала менен убактыңызды кумда ойноо менен өткөрүңүз. Кумду чакага салып, төгүп, чуңкур казып жана ар кандай формалардан түрдүү нерселерди жасаса, баланын көптөгөн адаттары пайда болуп, өнүгөт.

(уландысы кийинки санда)

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт