// //

Аялдарды ыйлаткан үч талак качан түшөт?

2018.07.20, 17:59
5445

Талак деген өтө кооптуу сөз. Оозду карап сүйлөбөсө ортодогу ак никени бузуп коёт. Теолог Улан Усупов кайсы учурда талак түшөөрүн айтып берди.

“Талак” сөзү араб тилинен которгондо “бошотуу” дегенди түшүндүрөт. Шариятта талак берүү укугу - эркекке  гана берилген. Үч талак берилгенден кийин жубайлар бирге боло алышпайт. Бир же эки талактан кийин жашай берсе болот.

Талак түшөт:

  1. Мас абалында айтылса;
  2. Кызуу кандуулукка алдырып айтса;
  3. Телефон аркылуу чалып айтса;
  4. Телефон аркылуу смс жазса;
  5. Конкреттүү түрдө кимге талак бергенин ачык-айкын түрдө кагаз бетине жазып берсе.

Кээде үч талак түшкөндүгү так болбой калат, андыктан жакшылап тактоо керек. Мисалы, “сага талак берем” десе (мөөнөтү белгисиз) же бир жолу эле айтып койсо түшпөйт. Дароо үч талак же "талак" деп бирден айта берип, анысы үчкө жетип калса жубайлар ажырашууга мажбур. 

"Үч талак" деген сөз ооздон чыкты дейли. Кийин жубайлар кайрадан бирге болууну каалашса, алгач аялы башка бирөө менен никеге туруп, кайра ажырашып келүүсү керек.  

Талак маселесинде билимдүү молдого, белгилүү аалымга же атайын муфтияттын фатва бөлүмүнө кайрылыңыздар. 

Талактын тамашасы болбойт!

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
М
Мухамат Жумали уулу
21.07.2018, 11:23

Саламатсызбы суроо сага жооп жобуну алдын кете Бер бошсун деп айтса талак тушобу? Талак деп айтпай еле 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт