// //

Өспүрүмдөгү сүйүүнүн белгилери

2018.01.23, 15:39
4426

  • Алгачкы сүйүү качан башталат, өспүрүм куракта сүйүү болобу?

Биринчи кезекте сүйүү жана жактыруу сезимин ажыратып алышыбыз керек. Сүйүү бул жоопкерчилик, камкордук, көңүл бурууну камтыган өзгөчө бир жылуу сезим. Ал эми сүйүүдөн айырмаланып жактыруу сезими учурунда кумарланууга берилгендик байкалат. Тактап айтканда адам «күлгүн көз айнекти» тагынып алып, өзүнүн потенциалдуу өнөктөшүн башкача көз караш менен карайт. Жактырууну инстинктивдүү процесс деп айтсак болот, себеби табият боюнча алып карасак аял менен эркек киши алгач инстинкт аркылуу бирин-бири жактырат. Жактыруу сезими туруктуу өнөктөшүн тапканга чейин, жарым жылдан эки жылга созулат. Ал эми өспүрүмдөрдө сүйүү эмес, жактыруу сезими болот. Ошондуктан көпчүлүк учурда өспүрүм курактагы сүйүү мамилелери туруктуу эмес. Ошондой эле баарыбыздын ичибизде айтылбаган көйгөйлөрүбүз бар болгондуктан, билдире албаган сезимдерибизди, бирөөнү жактыруу менен көргөзө алабыз.

  • Эмне себептен жакшы окуган үлгүлүү өспүрүмдөр тарбиясыз, тентектер менен мамиле курушат?- мындай учурлар абдан көп кездешет.

Эгер биз эволюция процессине карасак, байыркы убактарда жашап кете алган, күчтүү, доминанттуу эркектер бааланган. Булар топтордун башчысы, коргоочусу болгон. Ошентип мурдатан калыптанган инстиктерден улам, «тентектер» жакшынакай, жашап кете алган, күчтүү сыяктуу көрүнүшөт. Бул жерде биринчи кезекте инстинкт роль ойнойт десек жанылышпайбыз. Бирок азыркы заманда, сиз айтып жаткан «тентектер» чындыгында байыркыдай эмес, механизмдер азыр таптакыр башкача.

  • Эмне себептен көпчүлүк учурда кыздар өздөрүнөн улуулар, балдар болсо кичүүлөр менен мамиле курушат?

Бул жерден баары эле андай эмес экенин айта кетүүбүз керек. Бир тараптан мүмкүн бул нерсеге табит себептир. Экинчиден мисалы кыздар аталык мээримди, сүйүүнү толук ала албай калса прототип катары ал улуу баланы тандап, жетпей калган аталык сезимдин ордун компенсациялайт.

  • Өспүрүмдөр сүйүүсү жоопсуз калса ден соолугуна зыян келтирген кылыктарды жасашат, эмне үчүн ошондой жолго барышат?

Статистиканы карасак суицидге тиешелүү окуялардын 90 пайызы өспүрүмдөр тарабынан жасалган. Өспүрүмдүн психикасы толугу менен калыптана элек болгондуктан, туруктуу эмес болот. Ошол себептен кандай гана көйгөй болбосун өспүрүм үчүн чоң маселедей көрүнүп, чечилбей тургандай көрүнөт. Жыйынтыгында өспүрүм өз жанына кол салса көйгөй чечилет деп ойлойт же болбосо ушундай жол менен шантаж кылат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт