// //

Бала менен кандай оюндарды ойноо керек? 2-бөлүм

2018.07.09, 09:51
2245

Өткөн саныбызда 6 айга чейинки бала менен кандай оюндарды ойноо керектигин айтып бергенбиз. Бүгүн биз 6 айдан 1 жашка чейинки курактагы балдар менен ойноло турчу оюндар тизмесин сунуштайбыз. 

Алты айдан кийин бала алда канча активдүү боло баштайт. Бул куракта баланын айлана-чөйрөгө болгон кызыгуусун канаттандыруу үчүн коопсуз жана өнүктүрүүчү шарттарды түзүү маанилүү. Ушул куракта баланын мейкиндикте багыт алуусу, кыймылынын шайкештүүлүгү, өз адынча кыймылдоосу (жөрмөлөп, басып) өнүгө баштайт. Уккан сөздөрүн окшоштуруп кайталаганга аракеттенет, музыкага, кыймыл аракеттерге көңүл бөлөт. Баланын өнүгүүсүндөгү маанилүү нерсе –бул күзгүдөн өзүн-өзү таануусу.

Бул куракта балага төмөндөгүдөй оюнчуктар керек болот:

  • коопсуз рамкага алынган күзгү;
  • түрдүү түстөгү желим топ;
  • жатпас куурчак;
  • ар кандай желимден жана коопсуз пластмассадагы оюнчуктар.

Баланы  өнүктүрүп, ойнойбуз:

  • Балаңызды колуңузга алып күзгүгө көрсөтүңүз. “Бул ким? Кимди көрүп турасың?” деп сураңыздар, жылмайып аны күзгүдөн караңыз.  Анан башка жакка кетип, кайра кайрылып келип “Бул.........” деп балаңыздын атын айтыңыз. Бир нече жолу кайталаңыз. Балаңызга өзүн күзгүдөн кылдаттык менен караганга мүмкүнчүлүк түзүңүз. Эгерде бул аракетиңиз балага жакса убакытты көбөйтсөңүз болот.
  • Топту балаңызды карай түртүп коюңуз, топту кайра сизге кайтарууга үйрөтүңүз. Балаңыз менен чогуу топту кармап, өйдө-ылдый ыргытып кайра тосуп алыңыз. Ырдын коштоосунда топ менен ар кандай аракеттерди жасап көрүңүз. Жатпас курчакты бала жөрмөлөп же чоюлуп жеткендей жерге коюңуз. Балага эркиндик бериңиз, ал жаткырып жана анын кайра турганын көрсүн, кандай үндөрдү чыгарганын уксун. Жыгачтан жасалган жатпас куурчактар да бала үчүн пайдалуу.
  • Желим оюнчукту колуңузга алып бала чыккан үндү уккудай кылып мыкчыңыз. Анан оюнчукту баланун көзүнчө төшөктүн  астына катып коюңуз да, табуусун сураныңыз. Ал эми таап алса, кол чабып кубанычыңызды билдириңиз. Оюнду бир нече жолу кайталасаңыз болот. Эгерде бала таба албаса, анын колун колуңузга алып чогуу издеңиз. Оюнчукту кагаз сүлгүгө ороп, кайра бошотууну сунуштаңыз. Балаңыз киринип жаткан учурда ваннасына желим оюнчуктарды салып, мочалка менен жуунтканды көрсөтүңүз. Балаңызды суудагы оюндарын колдоңуз.

(уландысы кийинки санда)

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт