// //

Рустам Торогелдиев: “Орсок тишти жулдурбаңыз!”

2018.07.05, 15:54
7747

Тиштер күрүчтөй тизилип, апакай болуп туруш үчүн ага туура кам көрүү керек. «RuStom» клиникасынын врач-стоматологу Рустам Торогелдиев тишке кам көрүү боюнча окурмандардын суроосуна жооп берди.

 Тишке кам көрүүнү канча жаштан баштоо керек?

  • Баланын алгачкы сүт тиши чыккан күндөн тарта ага тиш жуу эрежелерин үйрөтүү керек. Канчалык эрте үйрөнсө ошончолук дени сак тишке ээ болот.

Кичинекей балдарга тиш жууганды кантип үйрөтсөк болот?

  • Балдарга арналган атайын кооз, оюнчук сымал тиш щеткалары жана таттуу тиш пасталары болот. Буларды пайдалануу менен тиш жууну оюн катары көрсөтүп, үйрөтүңүз.

Тишти жуунун эрежелерин айтып бересизби?

  • Тишти 3 мүнөттөн кем эмес жууш керек. Үстүңкү тиштерди өйдөдөн ылдый, астыңкы тиштерди ылдыйдан өйдөнү көздөй жууңуз. Көбү горизанталдуу ыкмада жууйт. Мындай кылууга болбойт, болбосо тиштин эмалдары жукарат жана тиш кемтиги пайда болот. Атайын щётка менен тилди кошуп жуугула. Анткени тилде эң көп зыяндуу бактериялар бар. Андан соң тиш жиби менен тазалап, тишти агартуучу суу менен чайкап коюу шарт.

Тишке зыян алып келүүчү заттар кайсылар?

  • Катуу, өтө ысык же муздак азыктар, таттуулар, курамында боёгу бар тамак-аштар. Терс адаттар: оозуна калемди, ташты же катуу кандайдыр бир затты салып алып чайноо, чылым, насвай чегүү.

Тиш щеткасын жана пастасын кантип тандасам болот?

  • Эгер сиз өзүңүз тандай албай жаткан болсоңуз, дарыгерден жардам сураңыз. Ар бир адамдын тиши ар кандай абалда болот. Мисалы, кээ бирөөлөрдүн тиш эттери сезгенген болушу мүмкүн. Айрым айымдардын төрөттөн кийин же кош бойлуу мезгилинде тиштери сынып, борпоң болуп калат. Ар бир учурга карап индивидуалдуу тандоо жүргүзүү зарыл.

Тиш щеткаларынын 3 түрү бар:

  • Жумшак – кичинекей балдар үчүн.
  • Орточо – чоңдор үчүн.
  • Катуу – протез же коронкасы бар адамдар үчүн.

Тиш щеткасын 1 айдан 3 айга чейин колдонуңуз.

Менин балам 4 жашта. Тишин жууганды үйрөтүп жаткан маалда пастаны жеп коёт. Зыяны жокпу?

  • Анын эч кандай зыяны жок. Болгону балаңызга кичинекейлер үчүн арналган тиш пастасын алып бериңиз.

Азуу тишим жарымынан сынып калды. Өстүрсөм болобу? Кийин түшүп калбайбы?

  • Албетте, өстүрүүгө болот. Сиздин тишиңиз канчалык өлчөмдө сынганын көрүш керек. Мүмкүн коронка кийгизүүгө туура келет.

Баламдын сүт тиштери түшө элек. Канча жаштан баштап түшө баштайт?

  • Сүт тиштер 5-6 жаштан баштап түшөт. Алты жаштан кийин туруктуу тиштери чыгат.

Тиш дарыгерлери орсок тишимди жулуудан баш тартышты. Эмнеге орсок тишти жулууга болбойт?

  • Ооба, көбүнчө дарыгерлерге орсок тишти жулуудан баш тартканга туура келет. Себеби ал тиштин тамыры узун болуп, ооз көңдөйүнө жакын жайгашкандыктан жабыркатып коюшу мүмкүн. Жакшысы орсок тиштен кийинкилерин жулуп,  брекеттин жардамы менен ордуна орсок тишти жылдыруу керек.

Тишимдин түптөрү саргайып баштады. Себеби эмнеде? Кантип агартсам болот?

  • Тиштин саргайышы биринчиден туура эмес жуугандан. Курамында боёк бар азыктардан, чылым чегүүдөн жана ашказан, бөйрөк ооруларынан. Аларды кетирүү үчүн ультра үндүү, профилактикалык тазалоо кылса болот. Эгерде дагы да агартууну кааласаңыз лазердик тазалоо жасатыңыз. Агартылган тиш  3 айдан 1 жылга чейин жетет.

 

Тишти үй шартында лимон, сода менен агартсам болобу? Зыяны жокпу?  

  • Зыяны бар. Сода менен көп тазаласа эмалды жукартып коёт. Ошондуктан үй шартында интернеттен көрүп алып өз алдынча ар нерселерди жасабаңыз. Тиш дарыгелерге кайрылсаңыз туура чечим кабыл алган болосуз.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт