Үнү жоктор ырдаса болобу?
Саламатсызбы! Ырга аябай жакынмын, бирок үнүм жетпейт. Ырдын ортосуна келгенде чыйылдап калам. Эмне кылсам болот?
Наргиза Ташибаева
Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын мүдүр орун басары
Музыкага кызыксаңыз биздин окуу жайга келиңиз. Өз ишин мыкты билген кесипкөй мугалимдерибиз үнүңүздү, музыкалык угууңузду(слухуңузду), эс тутумуңузду жана ритмди текшерип беришет.
Билинбегени менен кыйын чыга турган үндөр болот. Бизде музыкага угуусу жок бир студент балабыз бар болчу. Азыр ал Флоренцияда окуйт. Демек, угууну таптаса болот, эч кандай тоскоолдук жок.
Окуу программабыз бюджет жана контрактын негизинде. Турмуш шарттарына карап жатакана беребиз. Жалаң бешке окусаңыз стипендия аласыз. Чечим өз колуңузда.