Саламатсызбы, простатиттин белгилери кандай болот?
Саламатсызбы простатиттин белгилери тууралуу айтып бериңизчи. Ооруп калганыңды кантип байкаса болот?
Улан Суюмбаев
Уролог-андролог
Саламатсызбы окурман. Простатиттин симптомдору дароо эле байкалат. Алгач заара ушатканда жыныс мүчөнүн учу ачышат. Басканда, отурганда, ала, куймулчак оорутат. Кийин табарсык ооруй баштайт. Түнкүсүн да туалетке баруу муктаждыгы пайда болот.
Простатит оорусу өтүшүп кеткенде цистит да кошулат. Улам-улам заара кылгысы келет. Табарсык толуп тургандай сезим болуп бирок, барганда бир аз эле тамчылатат. Заара кылгандан кийин жеңилдей түшкөн сезим пайда болбойт.
Простатит оорусу суук тийгенде, инфекция жугузганда, гигиенаны сактабаганда, баш аламан жыныстык катнашта жашаганда, стресс болгондо пайда болот.
Бул ооруну өз алдынча дарылоо мүмкүн эмес. Сөзсүз урологго көрүнүү керек. Ал алгач табарсыкты УЗИге тарттырууга жана анализ тапшырууга жөнөтөт. Чыккан анализдердин негизинде даарыларды жазып берет.
Ден соолукта болуңуз!