// //

Чүнчү басып кыйналып жатам. Гинеколог жооп берет

2019.02.14, 10:19
2888

Саламатсызбы. Менин боюмда бар. 35 жума болду. Чүнчү басып кыйналып жатам. Эмне кылсам болот? Ай күнүмө жетемби деги?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.02.2019, 10:21

Раушан Джумагулорва

Акушер-гинеколог

Урматтуу айым, кам санабаңыз. Бардыгы жайында болот. Болгону, төрөй турган күнүңүзгө аз эле убакыт калыптыр. Улам чүнчү басып, кыйнап жатканы ай толгоо болушу мүмкүн. Сиздин организм төрөткө даярданып, муундарыңыз бошоп, жатыныңыз жыйрылып (сокращение матки) жатат. Мындай белгилер төрөткө бир-эки ай калганда пайда болот.

Чүнчү баскандын дагы бир себеби, организмдеги кальцийдин жетишсиздиги. Гинеколог жазып берген витаминдериңизди ичүүнү уланта бериңиз.

Бир аз убакыттан кийин балаңызды колуңузга алып, башыңыздан өткөн кыйынчылыктардын бардыгын унутуп каласыз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
А
Амаль Анарбекович Анарбеков
18.02.2019, 14:26

Саламатсызбы жолжошум жыныс мучон кенейип кетти деп жатат Пластикалык операциядан кийин торосо болобу 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт