Үйлөнгөнүбүзгө бир жыл болсо да балалуу боло элекпиз. Эмне кылсак?
2019.02.13, 10:34
1111
Жубайым экөөбүздүн баш кошконубузга бир жыл болду. Бирок, балалуу боло элекпиз. Эмне кылсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.02.2019, 10:44
Бактыгүл Абдраманова
гинеколог
Урматтуу мырза! Балалуу болбой жатканыңардын себептери көп. Келинчегиң экөөң дарыгерге кайрылып, анализ тапшыргыла. Экөөңдө тең көйгөй болуп калышы мүмкүн. Анализ тапшырып, жыйынтыгына карап дарылансаңар, балалуу боло аласыңар.
Нурбек Монолов
уролог
Негизинен эки жылга чейин балалуу болбосо коркунучтуу эмес. Эгер бул убакыттан өтүп кетсе биргеликте анализ тапшырып, ишин мыкты билген адистерге кайрылууңар керек.
0
Пайдалуу жооп