Майып балдарды баккан энелерге акча берилеби?
2019.02.13, 02:23
910
Майып балдарды баккан энелерге акча берилеби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.02.2019, 10:24
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат катчысы
Саламатсызбы! 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы социалдык кызмат күчүнө кирген. Ага ылайык багууга жана көзөмөлгө муктаж, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы карап, баккан кишиге акы төлөп берет.
Жеке ассистентке төлөнүүчү айлык акынын өлчөмү учурда 4900 сом.
Кимдер жеке ассистент боло алат?
- Ата-энеси
- Мыйзамдуу өкүлү (асыроочулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар)
- Жакын туугандары (чоң атасы, чоң апасы, таятасы, таянеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, багып алган ата-энеси)
- 65 жашка чейинки тиешелүү окутуудан өткөн башка адамдар.
Документтер тизмегин, кайрылчу мекемелердин дарегин төмөнкү шилтеден окуй аласыз:
0
Пайдалуу жооп