// //

Балдары майып ата-энелерге 4900 сом айлык төлөнөт. Даректер, документтер тизмеги

2019.02.04, 15:54
3079

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги багууга жана көзөмөлгө муктаж, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы карап, баккан кишиге акы төлөп берет. Аталган жаңы социалдык кызмат 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди. 

bilesinbi.kg редакциясы Социалдык министрликтен толук мааалыматты алды. 

Жеке ассистентке төлөнүүчү айлык акынын өлчөмү жашоо минимумунун өлчөмүнө байланган. Учурда бул сумма 4900 сомду түзөт.

 Кимдер жеке ассистент боло алат?

  • Ата-энеси
  • Мыйзамдуу өкүлү (асыроочулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар)
  • Жакын туугандары (чоң атасы, чоң апасы, таятасы, таянеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, багып алган ата-энеси)
  • 65 жашка чейинки тиешелүү окутуудан өткөн башка адамдар.

Жеке ассистент бир эле мезгилде бир үй-бүлөдөн бир нече ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы (эки жана андан ашык) баккан учурда, ар бир бала үчүн кызмат көрсөтүүсүнө 50 пайыз өлчөмүндө үстөк төлөнөт.

 Жеке ассистент болуу үчүн кайсыл мекемеге кайрылуу керек?

Биринчи кезекте арыз ээси жашаган жери боюнча территориалдык медико-социалдык эксперттик комиссиясына кайрылат (эгерде МСЭКтин корутундусу болсо, анда кайрылуунун зарылчылыгы жок). 

Дарыгерлер баланын ден соолугун текшерген соң, “багууга дайыма муктаж” же “бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж”, - деп корутунду берет. Анын негизинде Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары менен бир жылдык мөөнөткө келишим түзүлөт. 

 Кандай документтерди чогултуу зарыл?

1) арыз ээсине:

- саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген психикалык оорусунун жоктугу жөнүндө медициналык маалымкаттын көчүрмөсү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы баккан ата-энеден талап кылынбайт);

- арыз ээсинин факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат;

- паспорттун көчүрмөсү (ID – карта);

- банктагы алыш-бериш эсеби. 

2) балага:

- “багууга дайыма муктаж” же “бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж” экендиги тууралуу медико-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү;

- баланы реабилитациялоонун жеке программасы (эгерде жок болсо талап кылынбайт) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын ата-энесинин макулдугу менен иштелип чыгат;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын паспортунун (ID – карта) же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.

Жеке ассистент үчүн ыктыярдуу патентти жана камсыздандыруу полисин Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери алышат. Накталай салымдар республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Тактап айтканда, жеке ассистент айлык маянасын толук суммада алып, келечекте пенсиялык камсызданууга укуктуу болот.

Учурда, КРнын Социалдык кызматкерлер ассоциациясы тарабынан жеке ассиситенттерди окутуу боюнча программа иштелип чыкты. Жалданып алынган кызматкерлер (жеке ассистенттер) бул программа алкагында окутулат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Э
Эльмира Рысбекова
05.02.2019, 10:16

Саламатсызбы? Балам 1 жаштан отту, жакында эле инвалидность алдык, порок сердце (туру тетрадо фалло), мен озум иштейм, чон энеси карайт, чон энесине айлыка тапшырсак болобу?

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт