// //

Никеси жок ата-энелер балага кантип туулгандыгы тууралуу күбөлүк алса болот?

2019.02.12, 09:48
1656

Саламатсызбы! Мен эки айдан кийин төрөйм. Жолдошум экөөбүздүн нике күбөлүгүбүз жок. Өзү чет өлкөдө жүрөт, жакын арада келбейт. Балама туулгандыгы тууралуу күбөлүк алсам, менин фамилиям жазылып калабы? Ушул жөнүндө маалымат берип коесузбу.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.02.2019, 10:09

Мамлекеттик каттоо кызматы

Саламатсызбы! Сиз баланын атасы менен никеде турбасаңыз жана балага карата аталык аныкталбаса, баланын аты сиздин каалооңуз боюнча жазылат. Тактап айтканда, балага кимдин фамилиясын берээрин өзүңүз чечесиз. ЖААКка кайрылсаңыз, кызматкерлер кененирээк түшүндүрөт. Ийгилик!

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк кантип алса болот? Документтер, баалар, даректер

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт