// //

Боюмда болуп аябай толуп кеттим. Кандай диета кармашым керек?

2019.02.11, 12:46
1278

Саламатсызбы, мен гинекологго суроо берейин дегем. Боюмда бар, 7 жума болду. Аябай толуп кеттим. Кандай диета кармасам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.02.2019, 12:47

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Урматтуу окурман, кош бойлуу айымдар сөзсүз салмак кошушат. Мында эч кандай коркунуч жок.

Тамактануунун ортосундагы аралык кыска болуп, күнүнө 5-6 жолу кичинеден тамак ичүүгө аракет кылыңыз. Куурулган, туздуу, майлуу, ышталган, таттуу (торт, пирноженный) азыктарды кескин азайткыла.

Күнүмдүк рациондо сөзсүз жашылча, жер жемиштер, мөмө жемиштер, бышкан (сууга) эт, балык, сүт азыктарынын болушу зарыл. Андан тышкары жетиштүү деңгээлде суу ичиңиз.

Боюнда бар айымдарга салмак таштоочу диетаны кармоого такыр болбойт. Курсактагы балага кесепети тиет.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт