// //

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Кеңеш бериңизчи?

2019.02.08, 16:13
2721

Саламатсызбы. Менин сөз байлыгым кенен, бирок эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Бир жолу досумдун туулган күнүндө каалоо-тилек айтып жатып, аягына чыкпай үнүм кыргылданып, чыкпай калып уят болгом. Ошондон кийин көпчүлүктүн алдында сүйлөбөй калдым. Суроайын дегеним, ушул сүрдөп же толкундануудан атайын дары же көнүгүү барбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.02.2019, 16:14

Нуржан Алымканова

“Бал тил” клубунун негиздөөчүсү

Саламатсыңбы урматтуу окурман. Элдин алдында сүйлөгөндөн коркуу адамдардын бардыгында болот. Кай бирлеринде азыраак, айрымдарда көбүрөөк. Толкундануу сезимин басуу үчүн бир нече кеңеш бере алам.

  1. Публикага чыгаардан мурун кандайдыр бир күлкүлүү окуяны эсте, же 30 секунддук күлкүлүү видео көр. Коркуу сезими тарап кетет. Себеби мээ бир эле учурда эки нерсе жасай албайт. Элдин алдына жакшы маанай менен чыгасың.
  2. Дем алуу техникасын колдон. Туура дем алуу стрессти да басууга жардам берет. Терең дем алабыз. Демибизди 3-4 секунд кармап, кайра 4-5 секундка чейин узак дем чыгарабыз. Дароо жүрөгүбүздүн согушу жайлап, дене бошой түшөт. Бул ыкма толкунданууну басып өзүңдү жайдары алып жүрүүго жардам берет.
  3. Дагы бир кызыктуу ыкма, бул эл көрбөгөн жака барып, “мен кыйынмын”, “мен күчтүүмүн”, “мени ийгилик коштойт”, деген аффирмациларды бир нече ирет өзүңө ишендире айтып кайтала. Бул көнүгүү өзүңө болгон ишенимди жогорулатат.

Эл алдына чыгып сүйлөө өнөрүнө ар бир адам үйрөнө алат. Өзүңө ишен!  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт