Менин хиджаб кийишиме ата-энем каршы. Психолог жооп берет
Менин хиджап кийишиме ата-энем каршы. Эмне кылсам болот? Аларга кантип түшүндүрөм?
Асель Баимбетова
психолог
Ата-энелердин каршы болгону мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алар чоочулап жатышы мүмкүн. Же болбосо, кезектеги кыял-жоругу деп кабыл алып жатышат
Айрым жаштар ата-энесинен материалдык, моралдык жактан көз каранды. Эгер сиз ошондой болсоңуз, анда алардын тилин алууга, алардын ою менен болууга милдеттүүсүз.
Ал эми каражат жагынан өзүңүздү өзүңүз камсыздасаңыз, дин жолунда болуу ниетиңиз күчтүү болсо, өз каалоңузга бек туруңуз.
Алгач өзүңөрдү түшүнүүгө аракет кылгыла. “Хиджабды эмне үчүн кийгим келип жатат?” - деген суроону бериңиз. Себеби, сиз азыр сырткы көрүнүш үчүн гана күрөшүп жатасыз. Динди жакшылап изилдегиле, билим алгыла. Ата-эне менен жакшы мамиледе болуу маанилүү. Ислам дини буга көп көңүл бөлөт. Ошол эле учурда өзүңүздүн жеке ой-пикири бар инсан катары да тарбиялагыла. Өжөрлүгүңүздү көргөн жакындарыңыз, бул жөн гана убактылуу кызыгуу эмес экенин түшүнүп, кабыл алган чечимиңизди сыйлап, акыры моюн сунушат.