Контрагымдын дүмүрчөгүн жоготуп алдым. Эмне кылам?
2019.02.06, 19:10
799
Саламатсызбы! 2-курстун студентимин. Контрагымды банкомат аркылуу төлөгөм. Кечээ кураторубуз келип, "контрагыңды төлөй элек экенсиң", - деди. Төлөгөнүмдү айтсам, дүмүрчөгүн сурады. Мен аны ыргытып жибергем. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.02.2019, 19:13
Байгазы Бегишов
Юрист
Саламатсызбы! Кайсыл банктын банкоматы аркылуу төлөсөңүз, ошол банкка барып арыз жазсаңыз, сиздин төлөмдөрүңүз жөнүндө реквизит чыгарып берет. Аны алып окуу жайдын бухгалтериясына тапшырасыз. Өзүңүзгө көчүрмө (копия) чыгарып алууну унутпаңыз. Окууңузга ийгилик!
0
Пайдалуу жооп