Бөйрөгүмдө туз бар. Эксперт жооп берет
Саламатсызбы, мен 23 жаштамын. Анализ тапшырсам, бөйрөктө туз бар экен. Доктур дары жазып берген. Бардыгын ичтим, бирок эч кандай таасир берген жок. Азыр бир аз жумуш кылсам ооруй берет. Эмне кылышым керек?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Урматтуу окурман, кайрадан доктурга көрүнүңүз. Бөйрөктөрүңүздү УЗИге тартып, бөйрөк тестине анализ тапшыруу керек. Андан сырткары кайрадан жалпы жана заара (моча) анализин берүү зарыл.
Бөйрөктө туздун пайда болушу тамактануудан түздө-түз көз каранды. Туздуу, куурулган, ачуу азыктардан баш тартып, мүмкүн болушунча көбүрөөк суюктук ичиңиз. Күнүнө 1,5-2 литрден кем эмес.
Ошондой эле эндокриндик бүлүнүүдөн жана инфекциялык оорулардан кийин пайда болот. Өз убагында дарылабаса бөйрөктө таштын пайда болушу толук ыктымал.
Убакытты создуктурбай доктурга барыңыз!