// //

Кантип алимент төлөбөй койсо болот? Юрист жооп берет

2019.02.06, 11:26
2691

Жолдошумдун биринчи турмушунан бир кызы бар. Ал аялы менен нике күбөлүгү жок, экөөбүздө бар. Биздин бир уулубуз бар жана кош бойлуумун.

Жашоо шартыбыз аябай оор, үйүбүз жок. Туруктуу жумушу жок болсо да алимент төлөйт. Кантип алиментти төлөбөй койсо болот? Алдын ала рахмат!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.02.2019, 11:29

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу айым, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 124-беренесинин 2-бөлүгүндө, «Эгерде алимент төлөө жөнүндө макулдашууга келалбай, сот тартибинде алименттин өлчөмү белгиленгенден кийин тараптардын бирөөсүнүн материалдык же үй-бүлөлүк абалы өзгөрүлсө, сот тараптардын кайсынысынын талабы боюнча болбосун, алименттин белгиленген өлчөмүн өзгөртүүгө же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын талабы боюнча аны төлөөдөн бошотууга укуктуу. Алименттин өлчөмүн өзгөрткөндө же аны төлөөдөн бошоткондо сот ошондой эле тараптардын көңүл буруусуна арзыган башка кызыкчылыктарды да эске алууга укуктуу» деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан, жолдошуңуз сотко кайрылып, алимент төлөөдөн баш тартса болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт