Кантип алимент төлөбөй койсо болот? Юрист жооп берет
Жолдошумдун биринчи турмушунан бир кызы бар. Ал аялы менен нике күбөлүгү жок, экөөбүздө бар. Биздин бир уулубуз бар жана кош бойлуумун.
Жашоо шартыбыз аябай оор, үйүбүз жок. Туруктуу жумушу жок болсо да алимент төлөйт. Кантип алиментти төлөбөй койсо болот? Алдын ала рахмат!
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу айым, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 124-беренесинин 2-бөлүгүндө, «Эгерде алимент төлөө жөнүндө макулдашууга келалбай, сот тартибинде алименттин өлчөмү белгиленгенден кийин тараптардын бирөөсүнүн материалдык же үй-бүлөлүк абалы өзгөрүлсө, сот тараптардын кайсынысынын талабы боюнча болбосун, алименттин белгиленген өлчөмүн өзгөртүүгө же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын талабы боюнча аны төлөөдөн бошотууга укуктуу. Алименттин өлчөмүн өзгөрткөндө же аны төлөөдөн бошоткондо сот ошондой эле тараптардын көңүл буруусуна арзыган башка кызыкчылыктарды да эске алууга укуктуу» деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан, жолдошуңуз сотко кайрылып, алимент төлөөдөн баш тартса болот.