Күйөөмдүн биринчи аялынан кызы бар. Ага апа боло аламбы?
Күйөөмдүн биринчи аялынан 1 кызы бар. Ал айылда таенеси менен. Өз апасы Түркияда жүрөт. Күйөөм кызы менен болгусу келет. Сотко берип баланы өзүбүзгө алсак болобу? Кандай жолдору бар? Мен сот аркылуу кыздын апасы боло аламбы?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Окурман, кыздын өз апасы энелик укутан ажыратылган болбосо, сиз кыздын апасы боло албайсыз.
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 70-беренесинин, 2-бөлүгүндө "«Ата-энеси эки башка турган учурда балдардын жашай турган жери ата-энелердин макулдашуусу менен белгиленет», ал эми макулдашуу жок болгон учурда ата-энелердин ортосундагы талаш-тартыш балдардын кызыкчылыгын көздөө жана балдардын ой-пикирин эсепке алуу менен сот аркылуу чечилет. Мында сот баланын ата-энесинин, эркек менен кыз бир туугандарынын ар бирине жакындыгы, баланын жашын, ата-энесинин ыймандуулугу, дагы башка жекече сапаттарын, ата-эненин ар бири менен баланын ортосундагы башынан келе жаткан мамилелерди, баланы тарбиялап өстүрүү шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгүн (иштин түрү, ата-эненин иш тартиби, ата-эненин материалдык жана үй-бүлөлүк ал-абалы ж.б.) эске алынып сот тарабынан чечилет." деп жазылган.
Мындайча айтканда жолдошуңуз мурунку аялы менен сүйлөшүү жүргүзсүн. Макул болушпаса, сотко кайрылсаңыз болот.