49 жаштагы майып баласы бар ата-эне "жеке ассистент" кызматын пайдалана алабы?
Менин 49 жаштагы бир тууган сиңдим дайым кароого муктаж. Аны иним менен келиним багат. Апам 80 жашта. “Багууга дайыма муктаж” деген дарыгердин кортундусу бар. Биз 4900 сом ала алабызбы? Балдары майып ата-энелерге айлык төлөнөт деген мыйзам канча жашка чейинки балдар үчүн?
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат катчысы
Саламатсызбы! Тилекке каршы, "жеке ассистент" социалдык кызматын 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган адамдар гана пайдалана алат. Тактап айтканда, баланы бакканы үчүн 4900 сом айлык алат.
Бирок, жакынкы жылдарда 18 жаштан өйдө курактагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды караган жарандарга да "жеке ассистент" кызматын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү аракети көрүлөт.