Акыркы күндөрү кан аралаш заара кылып калдым. Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы bilesinbi.kg редакциясы. Менин суроом мындай: бат-баттан цистит болуп оруйм. Акыркы күндөрү кан аралаш заара кылып калдым. Суук тийгенден ушундай болуп жатабы? Эмне кылышым керек?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Урматтуу окурман – цистит табарсыктын сезгенүүсүнөн пайда болот. Бул ооруга ичегидеги таякчалар (кишечная палочка) себепкер. Өздүк гигиенаны, жыныстык катнаштагы гигиенаны сактабагандыктын кесепети. Үшүп калганда (переохлаждение) да цистит менен ооруп калуу коркунучу жогору.
Кан аралаш заара кылганыңар кооптуу симптом. Сизге элдик ыкмалар жардам бербейт. Жыныстык жолдошуңуз экөөнөр медициналык жол менен дарылангыла. Болбосо, бул процесс өнөкөт ооруга айланып бөйрөктөрдүн инфекциясы – пиелонефритке алып келет.