Кош бойлуумун, кечкисин денем кычышат. Адистен жооп
2019.02.04, 10:27
993
Саламатсызбы! Алты айлык кош бойлуумун. Кечкисин денем аябай кычышат. Күндө крем сүйкөсөм деле кычыша берет. Дарыгерге барганга каражатым жок, кайын энемден сурасам билбейт. Алдын ала рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.02.2019, 11:23
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Окурман, кош бойлуулуктун алтынчы айында денеңиз кычышып жатса, үйдө олтурганыңыз туура эмес. Мындай учурда көп диагноз койсо болот. Мисалы,
- сарык,
- аллергия,
- курт-кумурскалырдын чагып алуусу, ж.б.
Тезинен көзөмөлгө алган дарыгер-гинекологго кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп