Айылда кароосуз калган бир апа бар. Карылар үйүнө кантип өткөрсөк болот?
Саламатсызбы! Биздин айылда кароосуз калган бир апа бар. Баласы алыс жакта, туугандары каралашпайт.
Бир алыс тууганы мага келип, "Паспортун сен алып тур, эч кимге бербе, кокус өлүп калса бизге кабарла", - деп дайындап кеткен. Паспортун алган жокмун.
Ошол апаны карылар үйүнө өткөрүп берсе, кор болбойт беле...
Карылар үйүнө өткөрүү үчүн кимге кайрылам? Кандай документтер керек? Мындан башка айла жок болгондон улам жазып жатам. Багып алганга эч ким көнбөйт. "Карылар үйүнө кетем ",- деп өзү да айткан. Үйү бар, бирок абдан кыйналып кетти. Суранам мага жооп берип коюңузчу.
Нурдөөлөт Базарбаев
Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментинин мүдүрү
Саламатсызбы! Сиз апанын жашаган жериндеги социалдык коргоо мекемесине барып арыз жазыңыз. Арыз түшкөндөн кийин башкармалык анын үйүнө барып акт түзүп, себептерин аныктап, комиссиянын чечимине коет. Эгерде комиссия барсын деген чечим кабыл алса, социалдык башкармалык керектүү документтер тизмегин айтат.
Карылар үйүнө жайгаштыруу үчүн акы төлөнбөйт, баары бекер.
Ийгилик!