// //

Чел кабыктын жатындан бөлүнүшү деген диагноздун, балага залакасы тийбейби?

2019.01.31, 10:41
1758

31 жумалык боюмда бар. Чел кабыктын жатындан бөлүнүшү деген диагноз коюлду (отслойка плаценты), бирок кан өз убагында токтоду. Дарыгердин көзөмөлүндө болуп, эч кандай дары ичкен жокмун. Чел кабык жатындан бөлүнсө балага залакасы тийбейби? Рахмат! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.01.2019, 10:47

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Окурман, акыбалыңызды төмөндөгүдөй түшүндүрсөм болот. Сизде жарты чел кабыктын жатындан бөлүнүшү болсо керек.  Убагында көзөмөл болуп, курсактагы балаңызга зыяны тийбептир.

Мындан ары абдан этият болуңуз. Кан басымыңызды эртең менен кечинде көзөмөлдөп туруңуз. Оор жумуш жасабай, баланын кыймылына көңүл буруп, гинекологдун айтканын аткарыңыз.

Аман эсен көз жарып алыңыз! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт