// //

Атамдын каалоосу менен турмушка чыгып ажыраштым. Мага кеңеш керек

2019.01.30, 09:59
1014

Мен сиздерге мындан мурун дагы жазып кеңеш алгам. 

Мени атам мажбурлап турмушка берген, жашай албай ажыраштым. Күйөөмдүн мүнөзү жаш баланыкындай болчу. Эки жума жашаганда эле мени урду.

Азыр ата-энемдин үйүндөмүн. Атамды көргөн сайын жек көрүп кетем. Ал апама "кызың өзү күнөөлү" деп, кылганын моюнуна албайт. Кеңеш бериңиздерчи. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.01.2019, 10:07

Гүлбарчын Жумабаева 

Эрте курактагы никелер жана үй-бүлөдөгү зордук зомбулук боюнча эксперт

Урматтуу окурман, көкүрөгүңүздөгү көйгөйдү ачык айтып кайрылганыңызга чоң рахмат!

Билесизби, сиз азаматсыз! Атаңыз мажбурлап берген күйөөгө байланып жашап калган жоксуз. Болочок жубайыңызды өзүңүз тандаганга укугуңуз бар экендигин сезип, мажбурлаган никеден баш тарттыңыз. Бул чоң эрдик! Өткөн күндөрдүн баарын кереги жок буюмдай унутуңуз, аң-сезимиңизден кесип ыргытыңыз.

Азыркы учурда өзүңүз жана сиздин келечегиңиз бар. Көзүңүздү жумуп, алдыдагы пландарыңыз жөнүндө ойлонуңуз, жашооңуздагы жагымдуу учурларды эстеңиз. Акырындан жаңы пландарды ишке ашырганга киришиңиз. Сиз азаматсыз жана эркин адамсыз. Ийгилик! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт