Бирөөнүн телефонун уурдагам. Мамлекеттик жумушта иштей аламбы?
22 жаштамын. 13 жашымда балалык кылып бирөөнүн уюлдук телефонун уурдап койгом. Ал милицияга арыз жазып, ишим сотко өтүп, жабырлануучунун алдынан өтүп акчасын төлөп бергем. Кийин армияга жөнөп жатканда мурда соттолгон деген кагаз келгенде военкомат Бишкекке ИИМге жөнөттү. Ал жака кагазды көрсөтсөм соттун чечимин сурашты. Архивден алып Бишкекке алып барып, бир жумадан кийин соттолбогон деген кагаз жазып беришти. Соттун чечиминде, жашы жете элек, күнөөсүн мойнуна алгандыгы, ата энесинин тарбиясына өткөрүлсүн, сот жообунан чечилсин деген сөздөр бар эле. Армияга барып келдим. Мен эми мамилекеттик жумушка кирип атканда мурда соттолгон деген кагаз келеби? Бул жагы кандай болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, ортодон көп убакыт өткөндүгүнө байланыштуу сиздин соттолгондугуңуз жоюлду. Бүгүнкү күндө жаңы мыйзамдар ишке кирди, ал жерде "соттолгон" деген түшүнүк жоюлган. Коркпой эле мамилекеттик жумушка орношсоңуз болот. Соттолгондугуңуз жоюлгандан кийин, эч ким сизди соттолгон деп айтууга акысы жок. Ийгилик!