Өзүмдүн жашыман кичинекей көрүнөм. Дарыгерден жооп
2019.01.25, 10:02
1347
Төрт күн мурун 18 жашка толдум. Бирок, өзүмдүн чөйрөмдөгү балдардан 3-4 жаш кичүү көрүнөм. Арыкмын (47кг), боюм кыска (160см) жана алсызмын. Кичине жумуш кылып же чуркап койсом денемди майда калтырак басып, чарчап калам. Күрөшүп ойноп же көнүгүүлөрдү жасай албайм. Өзүмдү коргогонго да күчүм жетпейт. Эмне кылсам болот? Кайсы дарыгерге текшерилем? Үй шартында дарылансам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.01.2019, 10:23
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Окурман, адамдын мээсинен чыга турган өсүү гормону (соматотропин гормону) аз болсо бойдун өсүүсү токтоп калат. Жүрөгүңүздө дагы көйгөйлөр болушу мүмкүн. Себеби кандын жакшы айланбашы бойдун өсүүсүн жайлатат. Эндокринологдун текшерүүсүнөн өтүш керек. Дарыгер себебин аныктагандан кийин сизге керектүү дарыланууну сунуштайт.
0
Пайдалуу жооп