// //

5 балама жөлөк пул кантип алам? Адис жооп берет

2019.01.25, 09:47
1175

5 балама жөлөк пул кантип алам?  Өзүбүз Бишкекте жашайбыз, каттообуз Аламүдүн районунда. Аламүдүн айыл өкмөтүнө караштуу социалдык фондко барсам “бул жактан берилбейт” деп коюшту.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.01.2019, 10:00

Айкөл Турганбаева

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери 

Саламатсызбы урматтуу айым! Жөлөк пул алуу үчүн атайын каттоого туруунун кажети деле жок. Учурда кайсы жерде турсаңыз, ошол жердин айыл өкмөтүнөн бул жерде жашаганы анык деген маалымкат алыңыз.

Документтерди топтоп, жашаган жериңиздеги социалдык өнүктүрүү башкармалыгына алып барып тапшырыңыз. 

Керектүү документтер тизмеси:

  • арыз берүүчүнүн паспорту
  • балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү
  • жашаган жеринен маалымкат
  • кирешесин тастыктаган маалымкат (иштеген жеринен же айыл өкмөттөн).

Кандай үй-бүлөлөр жөлөк пула ала алышат?

0
Пайдалуу жооп
Э
Эмил Мажитов
05.02.2019, 20:18

Кирешенин кандай тийешеси бар бул нерсеге? Сүйүнчүнү ар бир бала алууга тийиш. Анан да акча которуу өтө көп убакытка созулуп жатат. Же биздин эле шаарда ушундайбы?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт