Мугалим адистигине сырттан тапшырсам болобу?
2019.01.24, 09:19
718
Мен 11-классты бүткөндөн кийин бир жыл окубай калдым. Окууга тапшырып, жогорку билим алгым келет. Мектепке чейинки курактагы балдарга сабак берсем дейм. Кайсы университетти сунуштай аласыз? Сырттан окуу бөлүмү болсо жакшы болоор эле, ден соолугума байланыштуу сабакка күндө бара албай калам.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.01.2019, 09:29
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Биз сизге мектепке чейинки курактагы балдарга сабак берген адистерди даярдаган бир нече ЖОЖдорду сунуштай алабыз. Бирок, чечим өз колуңузда. Сайттарына кирип, байланышып, ылайыктуусун тандап алыңыз.
- К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети
- И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
- Ош мамлекеттик университети
- Нарын мамлекеттик университети.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп