Этек кир режимим бузулду. Коркунучу жокпу?
2019.01.23, 09:27
1281
Үч балам бар. Үчүнчү баламдан кийин айыздын режими бузулду. Бир айда эки жолу келет, кээде 15 күнгө дагы жетпей калат. Узактыгы 10 күнгө созулат. Эмне кылсам болот, коркунучу жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.01.2019, 09:33
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, балдарыңыздын ортосу канча жаштан? Төрөттөн кийин каныңыздын аз көптүгүн, сезгенүүнүн бар жогун текшерткенсизби?
Көзөмөлдөн өтпөсөңүз, ушул сыяктуу себептер этек кирдин туура эмес же бат-бат келип калуусуна себеп болот. Ошол үчүн, тезинене гинекологдон кеп кеңеш алып, дарыланыңыз. Ден соолук каалайм!
0
Пайдалуу жооп