Атам инимди көбүрөөк жакшы көрөт. Адистен кеңеш
Атам инимди көбүрөөк жакшы көрөт. Анын бизди кыз, уул деп бөлгөнү мага катуу тиет. Атама кантип айтсам болот?
Гүлбарчын Жумабаева
Эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук зомбулук боюнча эксперт
Урматтуу окурман, жан дүйнөңүздү түйшөлткөн сезимдериңиз менен бөлүшүп, ачык суроо бергениңизге чоң рахмат.
Ата-эне үчүн бардык балдары бирдей. Эгер чындап эле атаңыз сиз айткандай болсо, кыз бала менен эркек балага бирдей мамиле кылбаса, кыз балага кандай терс зыяндары тие тургандыгы жөнүндө материалдарды таап көрсөтүп коюңуз.
Сиздин эркек баладан эч бир жериңиз кем эмес. Аял менен эркектин бир гана биологиялык айырмачылыгы бар. Аял-төрөйт, эркек - урук берет. Калган жерде эч айырмасыз бирдей тең укуктуубуз. Эгер ата-энеңиз эркек баласын сизден өйдөрөөк жакшы көрүүнү уланта берсе, психологияңызды жабыркатып алышат. Бул келечекте бактылуу болушуңузга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мисалы, дайыма басынып, өзүңүздү экинчи орунга коюу адат болуп калат. Өзүңүздү баалоо сезимиңиз төмөндөйт. Бул сезимдер өмүр бою коштоп, келечекте өмүрлүк жолдошуңуздун басынткан мамилесин кадимки мамиледей кабыл алышыңыз мүмкүн. Ошондуктан, атаңыз менен чогуу олтуруп, сизге андай мамиле катуу тийип жаткандыгын ачык айтыңыз. Ийгилик!