Нике катталбаса балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбейби?
2019.01.21, 14:04
2150
Саламатсызбы! Келинчегим Кыргызстанда, өзүм болсо Москвадамын. Жакында кыздуу болдук. Никебиз катталган эмес. Кантип кызыма туулгандыгы тууралуу күбөлүк алсак болот? Нике күбөлүгүнүн кереги жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.01.2019, 14:10
Мамлекеттик каттоо кызматы
Саламатсызбы! Бешик бооңор бек болсун!
Баланын туулгандыгын каттоо үчүн нике күбөлүгү керек.
Эгерде күбөлүк жок болсо, жубайлардын экөө тең паспортторун алып ЖААКка (ЗАГС) барса, каттап беришет.
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк кантип алса болот? Документтер, баалар, даректер
0
Пайдалуу жооп