// //

Альтернативдик кызматты кайдан өтөйм? Адис жооп берет

2019.01.21, 12:35
2092

Альтернативдик кызмат жөнүндө bilesinbi.kg нин инстаграмдагы баракчасынан окуп калдым. Мен түшүнгөн жокмун, альтернативдик кызматты өтөө үчүн кайда барып кызмат кылам? 25 000 сом акчасын төлөп, үйдө эле отуруп бүтүрүп койсо болобу? Экинчи суроом: бул кызматты өтөгөндөрдүн аскердик билети аскерге баргандар менен бирдей эле болуп калабы, же айрымасы барбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.01.2019, 12:41

Гүлзат Жарашева

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси, полковник

Альтернативдик кызматты өтөөдө бир нече пунктар бар. Мисалы, ден соолугуна байланыштуу болсо, анда ал үйдө эле отурат. Эгер ал үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу, же жалгыз уулу болсо анда өз жумушунда ишин уланта берсе болот. Ошондой эле, коомдук иштерди аткаруу пункту да каралган. Бул пунктардын бардыгын сиз учетко турган военкоманттан кеңири түшүндүрүп беришет. Ар бир жарандын шарттарына жараша, түрдүү варианттар бар.

Эскерте кетчү нерсе, акчасы РСК банк аркылуу гана төлөнүүгө тийиш! Эч кимдин колуна берилбейт!

Экинчи сурооңор боюнча жооп берсем: аскердик билеттер категорияларга бөлүнөт. Ошондуктан альтернативдик кызмат менен аскерден кызмат өтөгөндөрдүн билети айырмаланып турат. Альтернативдик кызматты өтөгөндөрдүн билетине II категориядагы билет деп жазылат. Башкы айырмасы, альтернативдик кызмат өтөгөндөр күч түзүмдөрүнө кызматка алынбайт.

Аскердик билетти кандай жол менен алсам болот? - деген суроого жоопту бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт