Алдамчылык кылган адам кимдин акчасын биринчи төлөп берет?
Бир аял 20 кишини алдап акча алып, алдамчылык менен камалган. Ал аял банктан дагы 400 000 доллар алган экен. Ошондо элдин акчасын биринчи төлөйбү же банктыкынбы? Рахмат!
Нурислам Раимжанов
Юрист
Окурман, кимдин арызы менен кылмыш иши козголгон болсо, ошол адам иш боюнча жабырлануучу болуп эсептелинет. Тергөө органдары жабырлануучуларга келтирилген зыянды тактайт. Сиз материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө тергөөчүгө кайрылгыла. Тергөөчү ишти сотко өткөрүп, сизге келтирилген зыянды көрсөтөт. Ошонун негизинде, соттон матералдык зыянды өндүрүп берүүнү суранасыз.
Ал эми банктагы карызы өзүнчө жарандык процедура. Сиз карызды өндүрүү боюнча соттук акт алууга жетишсеңиз, сот аткаруучулар сиздин карызыңыздарды биринчи өндүрөт.