Германия элчилиги виза ачпай жатат. Кимге кайрылам?
Саламатсызбы! Германияга барайын деп жаткам. Баардык документтер бүтүп виза эле калган болчу. Бирок элчиликтен бербейбиз деп жатат. Берсек да үч жумага эле беребиз дейт. Мен эки айга барышым керек болчу. Алар туура эле иш алып барып жатабы? Себебин кантип билсем болот?
Нурлан Манапбеков
Юрист
Саламатсыңбы! Ар бир элчилик өзүнүн протоколу менен иштейт. Эмнеге виза ачып бербей жатканын элчиликтин өзүнөн арыз аркылуу сурашың керек. Болбосо, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министирлиги аркылуу кайрылуу жасаш керек.
Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги
Окурман, сиздеги маселенин себебин билүү үчүн биздин дарекке кат жолдоңуз. Ал үчүн: https://bischkek.diplo.de/kg-ru/botschaft/kontakt-formular