Табарсыгым ооруп, этек кирим кечигип жатат. Гинеколог жооп берет
2019.01.18, 09:47
1775
Эки жумадан бери белим талып, заара ушаткандан соң жыныстык жагым көпкө чейин ачышчу болду. Табарсык тарабым ооруткансыйт, этек кирим да убактысынан кечигип жатат. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.01.2019, 09:53
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Окурман, сиздин сурооңузга жооп берүү үчүн кошумча суроо берүүгө туура келет.
- Турмушка чыктыңыз беле?
- Канча күндөн бери этек кир кечигип жатат?
Эки жумадан бери ооруп жатса тезинен гинеколог менен урологго текшерилиңиз. Тарбарсыктын сезгенүүсү болушу мүмкүн. Анализ тапшырып, так себебин аныктап, дарыланышыңыз керек. Болбосо, сезгенүүнүн бөйрөккө өтүп кетүү коркунучу бар. Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп