18 жашымда боюмдан алдырткам. Эми кош бойлуу боло аламбы?
2019.01.17, 10:39
813
18 жашымда бир баладан боюма бүтүп калган. Дары менен түшүрткөм. Бир жумадан кийин келип тазалатып кет дегенде барбай койгом. Бир жума мурун УЗИге түшсөм "жатының таза экен" деди. Эми боюмда болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.01.2019, 10:44
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Окурман, аборт жасагандан кийин, гинекологдун баардык талаптарын так аткаруу керек. Себеби аборттон кийинки акыбалыңыз кийинки балалуу болоор-болбошуңузду аныктайт. Аборт бул - үй-бүлөнү пландаштыруу каражаты эмес.
"Эми боюмда болобу" деген суроого өзүңүз гана жооп бере аласыз. УЗИ бул кошумча гана текшерүү. Дарыгерге кайрылып толугу менен текшерүүдөн өтүп, кеп-кеңешин алыңыз. Ден соолук каалайм!
0
Пайдалуу жооп