Биринчи нике түнү кан чыккан жок
Биринчи нике түнү кан чыккан жок. Эч ким менен жакын мамиледе болбогонумду айтсам күйөөм ишенген жок. Биз ажырашып кеттик. Эми кантип турмушка чыгам? Кантип бул кырдаалды туура түшүндүрө алам?
Гүлбарчын Жумабаева
Эрте курактагы никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт
Урматтуу окурман, бул окуя үчүн өзүңүздү эч качан күнөөлүү сезбеңиз. Эң биринчи өзүңүздүн алдыңызда абийриңиз таза экени баарынан маанилүү. Медицинада кыздардын кыздыгы ар түрдүү жайгаша тургандыгы, кээ бирөөлөрүнүкү абдан чоюлчаак болоору айтылып жүрбөйбү.
Адискөй, ишин мыкты билген гинеколог таап, текшерилип көрүңүз. Алгачкы нике түнү эмнеге кан жок болгонун тактап билип алыңыз. Ошондо сизди кыйнаган ойлордун баары жок болот.
Андан соң, шашпай, сизди чын жүрөгү менен сүйгөн, сыйлаган, бактылуу кыла турган жана балдарыңызга мыкты, камкор ата боло турган жубай табасыз. Ийгилик!