Эмнеге балдар бир учурда бир нече кыз менен сүйлөшөт?
Жигитимдин башка кыздары көп. Эмнеге ал бир учурда бир нече кыз менен сүйлөшсө дагы, аны менен мамиле курууга макул боло берем?
Гүлбарчын Жумабаева
Эрте курактагы никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт
Окурман, өзүн-өзү сыйлаган кыз эч качан бир нече кыз менен сүйүү мамилесинде жүргөн жигит менен жакын мамиледе болбойт. Өзүңүздү жогору баалап, сыйлаңыз. Ошондо гана сизди башкалар сыйлап баштайт.
Азыртадан кыздарга мындай мамиле кылган эркек, кийин жубайын сыйлай алабы, бактылуу үй-бүлөнүн кепилдиги боло алабы деген суроо туулат. Ошондуктан, убактыңызды мындай адамдарга коротпой, максаттарыңызды аныктап алып жеткенге аракет кылыцңыз. Өзүңүз сыяктуу кыздарга да ушул кеңештерди бергиле. Ийгилик!