Бетим кызарып, ысып турат. Эмне кылышым керек? Косметолог кеңеш берет
2019.01.16, 12:22
6938
Саламатсызбы, менин бетим кызарып, ысып турат. Тональный крем сүйкөсөм деле билинип калат. Эмне кылып кетирсем болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.01.2019, 12:27
Асель Алымбаева
Врач-косметолог
Урматтуу окурман. Беттин кызарышынын себептери түрдүү болушу мүмкүн:
- Аллергия (тамак ашка, чөп-чарга, суукка)
- Розацея (теринин алдындагы кан тамырларлардын тонусунун бузулушу)
- Демодекоз (тооктун, каздын түгүнөн жасалган жаздыктарга аллергия)
- Дарылык блашинг (күчтүү дарыларды, антибиотиктерди узак убакыт ичкенден пайда болот)
Айтор, санай берсе дагы көп. Аныгын врач-косметолог же дерматолог сиз анализ тапшыргандан кийин айта алат.
Ал эми, азырынча, ичкен тамагыңызга, гигиенаңызга көңүл бөлүңүз. Ачуу, таттуу, туздуу, майлуу тамак аштан жана газдалган суусундуктардан баш тартуу зарыл. Кечкисин, ар дайым косметиканы жууп туруп жаткыла.
0
Пайдалуу жооп